Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 27-7
“2016-жылга туяк пулдун баасын тактоо жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга карата туяк пулдун баасы 2015-жылдагыдай болуп калтырылсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |