Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 27-10
“Документте көрсөтүлгөндөн башка ашыкча жерлер үчүн салык акысын тактоо жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Документте көрсөтүлгөндөн башка короологон ашыкча жерлер үчүн салык акысы 10 сомдон калтырылсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |