Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 27 -11
“Таштандыларды чыгаруу үчүн айыл өкмөтүнө караштуу Кабак-Дөңү участкасынан пайдаланууга жараксыз жер бөлүп берүү жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таштандыларды чыгаруу үчүн айыл өкмөтүнө караштуу Кабак-Дөңү участкасынан пайдаланууга жараксыз жерден 0,50 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |