Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 27 -12
“15.01.2016-жылдагы 02-09/37 сандуу каттагы жер салыгынын базалык ставкаларын коэффициенттерин Кыргыз Республикасынын салык Кодексиндеги 337,339 беренелерине ылайык жогорулатуу жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.15.01.2016-жылдагы 02-09/37 сандуу каттагы жер салыгынын базалык ставкаларын коэффициенттерин жогорулатылбай, былтыркы боюнча калтырылсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилбек уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Керимкулов |