Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 2/1
Балыкчы шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 4-бөлүгүнө, шаардык кеңештин Регламентинин 5.2 бөлүмүнө ылайык жана туруктуу комиссиялардын сунуштарын угуп, талкуулап Балыкчы шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрайымы болуп Турганбаева Гулуйла;
2. Социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Табалдиев Алишер Кадырбекович;
3. Курулуш, архитектура, муниципалдык менчик жана коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Жумаева Нурзада Самудиновна;
4. Мандат жана депутаттык этика маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Асанакунова Айнакуль Джапаровна;
5. Жаштар саясаты, туризм, спорт жана экология маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Эсенов Адилет Эсенович шайлансын.
6. Токтом шаардык кеңештен каттоодон өткөрүлүп, balykchycity.kg веб-сайтына, массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык -Көл облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылууну өзүмө калтырам.
Төрага | К.Р. Сартбаев |