Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 2-1
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2015-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2015-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга сунуш кылынган бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы экономика-бөлүмүнүн башчысы У. Ысманованын билдируусун жана Самаркандек айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, коомдук угуулардын жыйынынын сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы экономикалык негиздери жөнүндөгү” Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгу токтомуна ылайык түзүлгөндугун белгилейт. Жогоркулардын негизинде Самаркандек айылдык кеңешинин IV чакырылышынын VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга кабыл алынган айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл ичиндеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кошумча жалпы жыл ичиндеги бюджет 12165,9 миң сомго бекитилип жыл ичинде киреше жана чыгаша 11926,6 миң сом менен аткарылгандыгы белгиленсин (№ 1-тиркеме тиркелет).
2. 2015-жылга кабыл алынган атайын эсепке озгортуулор жана толуктоолор менен 1361,5 мин сомго бекитилип жыл ичинде 1123,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№ 2-тиркеме)
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин кирешеси жана чыгашасы 14213,8 миң сом суммасында № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Атайын эсепке 2016-жылга киреше жана чыгаша болугу 1136,0 миң сом суммасында № 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгүн 2017-жылга 13875,7 миң сомго, 2018-жылга 14415,6 миң сомго № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине 2015-жылы ПРООНдон түшкөн 240 миң сомду 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы У. Ысмановага тапшырылсын.
Төрага | А. Насыров |