Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 2-2
Айыл аймагынын ардагерлер кеңешинин жыйынынын 2015-жылдын 18-декабрындагы № 1-протоколунун негизинде, Орто-Сай участкасындагы стадионго айылдын ардагери, спорт боюнча демилгечи, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырган Эгембердиев Омурдун ысмын ыйгаруу максатында Самаркандек айылдык кеңешинин IV чакырылышынын VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айылынын Орто-Сай участкасындагы стадионго айыл ардагери Эгембердиев Омурдун ысмын ыйгаруу жөнүндөгү ардагерлер кеңешинин жыйынынын 2015-жылдын 18-декабрь № 1-протоколу колдоого алынсын.
2. Самаркандек айылынын Орто-Сай участкасындагы стадионго айыл ардагери Эгембердиев Омурдун ысмы ыйгарылып, Эгембердиев Омур атындагы стадион деп аталсын.
Төрага | А. Насыров |