Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 1
“Кызыл-Үңкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын жана ижара акылардын 2016-жылга карата минималдык баасын бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору З. Семетеевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын, ижара акылардын 2016-жылга карата каралган баа өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Отун жергиликтүү элдер үчүн-1 м 3-300 сом
- Айыл аймагынан сырткары отун сатуу-1м 3-1200 сом
- Мекеме-уюмдар үчүн 1 м 3-400сом
Ижара акылары:-1га чөп орок-200 сом
- 1 га жангак жайыт-1000 сом
- Токой чарбанын бал аары уюктары үчүн 1 кг бал-110 сом
- Токой фондунун жерине менчик бал аары уюгун койгондугу үчүн 1 даана бал челегине -48 сом 06 тыйын
- жайыт акы 1 га -96 сом 12 тыйын
- Сай жээгиндеги дем алуу жайлар үчүн бир жылга 5000 сом
2. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын,ижара акылардын 2016-жылга карата каралган баа өлчөмдөрүн көзөмөлдөө, калктын нааразычылыгын туудурбай иш жүргүзүү Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору З. Семетеевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Арзиевке милдеттендирилсин
Төрага | А. Жамгырчиев |