Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 2
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын жайыттарына чыккан жайлоочуларга токой чарба менен бирдикте көзөмөл жүрүгүзүү ошондой эле мал арасында жугуштуу ооруларды айыл арасына жайылтпоо жана жайлоо жайытынын бааларын бекитүү жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын жайыттарына чыккан жайлоочуларга токой чарба менен бирдикте көзөмөл жүрүгүзүү ошондой эле мал арасында жугуштуу ооруларды айыл арасына жайылтпоо, жайлоо жайытынын акысы жөнүндө маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жолдошовдун жана токой чарбанын директору З. Семетеевдин сөздөрун угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын жайыттарына чыккан жайлоочуларга жайыт акыларын төлөтүү, тиешелүү тактама документтерди тактап жайлоого чыгуу жана жайлоо жайытынын ижара акысын төлөнүүсүн контролдоо жагы токой чарбанын директору З. Семетеевке милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Үңкүр айыл аймагына башка айыл өкмөттөн келген айыл чарба малдарын жайкы жайыттарга 2016-жылдын 15-майынан баштап, ал эми жергиликтүү айыл чарба малдарын 2016-жылдын 15-апрелинен чыгууга уруксат берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Шавкановко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жамгырчиев |