Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 3
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 15 ҮДТынын жана айылдык оорукананын башкы даарыгери Байгазиев Жанышка турак жай куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 15 үй-бүлөөлүк даарыгерлер тобу жана айылдык ооруканасы райондун борборунан алыс жайгашкан саламаттыкты сактоо мекемеси болуп эсептелет. Шарты оор, кар көп жаайт, кыш узак болот. Башка жактан келип иштеген адистер үчүн кыматтык үйлөр жок. Бирөөлөрдүн үйлөрүндө батир акы төлөп жашайт.
Байгазиев Ж. келип иштегенден бери № 15-ҮДТ жана айылдык оорукананын шарты жакшырды. Элди медициналык жактан тейлөөдө жогорку кесипкөйлүк мамиле жасап иштеп жатат. Медициналык кызматкерлердин эл менен мамилеси жакшы жолго коюлган. Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 15 үй-бүлөөлүк даарыгерлер тобунун жана айылдык оорукананын башкы дарыгери Ж. Байгазиевке турак жай куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Шавкановко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жамгырчиев |