Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 169/XXIX-26
Кант шаарындагы Гоголь көчөсүнүн Бакытбек Егенбердиев атындагы көчө кылып өзгөртүү жөнүндө
Шаар куруу, өндүрүш, унаа, байланыш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаарынын 06.06.2016-жылдагы № 426/01-25- катын жана Кант шаарынын Гоголь көчөсүнүн аталышын аталган көчөдө өмүрүнүн аягына чейин жашап өткөн милициянын подполковниги, ИИМ Академиясынын чет тилдер кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген Бакытбек Егенбердиевтин атына алмаштыруу жөнүндөгү кайрылууну карап чыгып Бакытбек Токтоналиевич Егенбердиев 2006-2009-жылдары ООНдун камкордугунун астында дүйнө коопсуздугунун алдын алуу жана жоюу максатында Либерия Республикасында Кыргызстандын атынан тынчтыкты орнотуучулардын миссиясын аткарып келген. Ал 2013-жылы Түштүк Суданда тынчтыкты орнотуучунун миссиясы-кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон.
Сыйлыктары:
- 2002-2008-жылдары кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жана ишиндеги жогорку жетишкендиги үчүн милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы КРнын Ички Иштер министрлигинин Академиясынын ызаазычылыгына ээ болгон;
- 2006-2009-жылдары “United Nations Medal” медалын алгандыгы боюнча сертификаттын ээси;
- 2013-жылы милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Ички Иштер министрлигинин Академиясынын грамотасы,курман болгондугуна байланыштуу берилген БУУнун коопсуздук кеңешинин ордени, генерал-майор Э. Алиев атындагы КРнын Ички Иштер министрлигинин Академиясынын коомдук жашоосуна жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Милициясынын бир катар медалдары жана дипломдору менен сыйланган.
Б. Егенбердиевдин аты өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн татыктуу үлгү болуп бере калат. Жогорудагылардын негизинде Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гоголь көчөсүнүн аталышы Бакытбек Егенбердиев атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Көчөнүн аталышын өзгөртүүгө демилге көтөргөндөр бул токтомго таянып уюштуруу жана каржы маселелерин чечишсин.
3. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоого укук берүү башкармалыгы (М.Ч. Шамшиев) Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы (Э.Н. Мамыркулов) учеттук жана инвентаризациондук өзгөртүүлөрдү киргизүү.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өндүрүш, унаа, байланыш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.А. Макеев) жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |