Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 171/XXIX-26
Кант шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын Юрлова Полина Федоровнага ыйгаруу жөнүндө
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын, Ысык-Ата райондук ИИОнун жана Кант шаарынын мэриясынын Кант шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын Юрлова Полина Федоровнага берүү боюнча чечимин карап чыгып Юрлова П.Ф. алгачкы жолун математика жана физика мугалими болуп иштөө менен баштап, 1975-1998-жылдары ИИОдо кызмат өтөгөн. Кызматын Кант РИИБнин ЖИИ кызматынын жетекчилигинен баштап, андан соң Талас облисполкомунун ИИБсынын ЖИИ кызматынын жетекчиси, Кант РИИБнин медициналык профилактикалык соолуктуруучу иш бөлмөсүнүн башчысы, Кант РИИБнин МУИ, Кант шаарынын 2-кичирайонунун ПОМ башчысы, Ысык-Ата РИИБнин ОООБ жетекчиси болуп эмгектенген. 1998-жылы подполковник наамы менен ардактуу эс алууга чыккан.
Кызмат учурунда ал өзүн билим менен тажрыйбаны айкалыштырып алып кете алган мыкты адис, жаш кызматчыларга татыктуу насаатчы катары көрсөтө алган. Дайыма квалификациясын жогорулатуу менен алектенген.
Юрлова П.Ф. приципиалдуу, талапкөй жана ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасаган адис. Кызматтык милдеттерин аткаруудан тышкары коомдук иштер менен да алектенген: жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча комиссиясынын мучөсү, РИИБнин СТКнын төрайымы, коомдук кеңештин мүчөсү. ИИОнун ардагерлери Полина Федоровнаны 2000-2010-жылдар аралыгында өзү эмгектенген ИИО ардагерлер кеңешинин төрайымы кылып шайлап алышкан. 2002-жылы өзү жашаган 1-кичирайонунун ”Доверие” ЖКнын төраймы болуп шайланып, азыркы мезгилде да ал ишин улантып келет. 2006-жылдан бери мэриянын астындагы аксакалдар сотунун төраймы.
СССР ВЦСПС жана ЦК ВЛКСМдын Министрлер Советинин КПСС БКнын Ардак грамотасы;
Кант РИИБнин Ардак грамотасы;
Кант РК КПнын, РайОНОнун Ардак грамотасы;
КРнын Кант РГАсынын грамотасы;
Кант шаардык башкармалыгынын грамотасы;
Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы;
ЦК ВЛКСМдын «Коомдук тартипти сактоо ишине жигердүү катышкандыгы үчүн» белгиси;
«Кыргыз милициясына 70, 75, 80, 85, 90 жыл» юбилейлик медалдары;
КР ИИМнин «Татыктуу», «Ардак» медалдары;
Чуй областык ШИИББнын «Күжүрмөн» медалы;
«Ардагер», «Ардактуу участкалык инспектор», «ИИМ ардагери» төш белгилери.
Жогорудагылардын негизинде Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. П.Ф.Юрловага Кант шаарынын «Ардактуу атуулуу» наамы ыйгарылсын.
2. Кант шаардык кеңешинин Аппараты ушул токтомго ылайык П.Ф. Юрловага тапшыруу үчүн грамота жана күбөлүктүү даярдоону камсыздасын.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |