Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 47/1
Кадамжай шаарынан кесип өткөн Ош-Исфана жолундагы жана шаардын ички жолдорунда катталуучу кырсыктардын алдун алуу жөнүндө
2015-жылы Кадамжай шаарынын аймагында 50 жол кырсыгы катталып, көптөгөн жарандар денелерине ар түрдүү жарааттарды алып, алардын ичинен каза болгондору катталгандыгын жана Пульгон айылынын Автобаза көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарынын эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагынан кесип өткөн Ош-Исфана жолунун 108,123,126 чакырымдарындагы кемчилдиктерди жана Аңкур сай участкасындагы көпүрөнүн жанынан (аварийный) сьезд куруу, аталган жолду мамлекеттик комиссиядан өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министирлигинен суралсын.
2. Жолдорду кеңейтип, коопсуздукка жетүү максатында Ош-Исфана унаа жолунун Кадамжай шаарынын аймагындагы чакырымдарынын жана шаардын ички жолдорунун эки бетинде жайгашкан мыйзамдуу талаптарга жооп бербеген курулуштардын ээлерине үч жолу эскертүү берилип, өз каалоосу менен курулушун жылдырбаса чара көрүү жагы укук коргоо органдарына тапшырылсын.
3. Ош-Исфана жолунун Кадамжай шаарынын Автобаза участкасына МАИ кызматкерлеринин постун орнотуу, светофор коюу жана аталган жолдон өтүүчү жүк ташуучу унаалардын жүгүнүн салмагын көзөмөлдөө боюнча иш аракеттерди жасоо шаардык мэрияга тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Т. Камбаровко жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |