Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 47/2
Кадамжай шаарынын аймагындагы “Ибн-Сина” акционердик коомуна тиешелүү болгон даарыкананын имаратын жана жер аянтын муниципиалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты, “Ибн-Сина” акционердик коомунун мүчөсү Масалиев Исхак Абсаматовичтин кайрылуусун талкуулап, кайрылуудагы койулган талапты (бала бакча катары иштетүү) жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы “Ибн-Сина” акционердик коомуна тиешелүү даарыкананын имараты жана жер аянты муниципиалдык менчикке өткөрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т. Камбаровко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин жер. транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |