Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 47\3
Кадамжай шаарынын аймагында курула турган 75 батирлүү үйдүн долбоорун сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын № 78 саны менен чыгышталган кайрылуусун тулкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагына курула турган 75 батирлүү үйдүн долбоорун сатып алуу максатында шаардык бюджеттин эсебинен 997624 (тогуз жүз токсон жети миң алты жүз жыйырма төрт) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т. Камбаровко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Бегалиев |