Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 47ү4
Мамлекеттик нотариус мекемесине кеңсе иретинде эски мэриянын имаратынан каана ажыратууга уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик нотариус мекемесине шаардык мэриянын эски имаратынан 28 м 2 өлчөмүндөгү каана мөөнөтсүз пайдаланууга, ал эми райондук ЗАГС мекемесине убактылуу мөөнөткө кеңсе ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т. Камбаровко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Бегалиев |