Редакцияот 01.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин l чакырылышынын XXXXVIl сессиясы

 

2016-жылдын 1-февралы № 47/6

Жергиликтүү салыктар үчүн аймактык коэффициентти жана 1,2,3 топтогу жер жана мүлк салыгын бекитип берүү жөнүндө

Кадамжай шаарынын аймагында калктуу конуштардагы айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалануудагы жер салыктарын эсептөөдө колдонулуучу аймактык коэффициентин, жер жана мүлк салыктарын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна негиз Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-январь 2016-жылдан баштап жер салыгы жана 1,2,3 топтогу мүлк салыгы киргизилсин.

2. Кадамжай шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы жерлерди жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалануучуларга колдонуучу жер салыктарын, эсептөө аймактык коэффициентин 2016-жылга 1,2 коэффициенти менен бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Бегалиев