Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 47/7
Кадамжай шаарынын аймагындагы менчиктин түрүнө карабастан ар бир мекеме-ишканалардын айланасын көрктөндүрүү, таза кармоо, архитектуралык көркөм эстетикалык визуалдыгын жакшыртуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын тазалыгын, эстетикалык абалын , архитектуралык көркөм визуалдыгын жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы менчик түрүнө карабастан ар бир мекеме-ишканалардын айланасындагы жерлердин тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү жана имараттарынын эстетикалык абалын талапка ылайык жакшыртуу боюнча штаб түзүлсүн, жобо иштелип чыгылсын.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу максатында түзүлгөн штабтын курамы бекитилсин.
- Исаков Толкунбек Талипович-шаардык кеңештин депутаты;
- Маликов Мурзамамит-шаардык кеңештин депутаты;
- Ураимов Эркин Нусуратиллаевич-шаардык кеңештин депутаты;
- Салибаев Айбек Өктөмович-шаардык кеңештин депутаты;
- Тагаев Чынгыз Тайкараевич-шаардын вице-мэри;
- Мамарасулова Инават Карымбаевна-шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;
- Жалилов Мыктыбек Аманович-“Кадамжай пресс” гезитинин башкы редактору.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Бегалиев |