Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-февралы № 47/9
Абсамат Масалиевдин музейин куруу үчүн жер аянтын ажыратып бер жөнүндө
Кадамжай шаардык кенеши шаардык мэриянын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абсамат Масалиевдин музейин куруу үчүн Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү автобекеттин күн батыш тарабынан 1 сотых жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |