Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылыш кезектеги XXXXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 48/3
Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2016-жылдын башына калган калдыгын бөлүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын жергиликтуу бюджетинде 1-январь 2016-жылга карата калган калдыктын бөлүү боюнча Ф.Э.Б башчысы М. Жумаматовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2016-жылдын 1-январына калдык 7641,4 миң сом, акча каражатын. 25121100 Субсидия чыгымдарына 500,0 миң сом, 22154900 статьясына спорт оюндарына 500,0 миң сом. 3111 Башка курулуштарды алуу жана куруу (КСКдан инжинерный корпусун сатып алууга) 3500,0 миң сом, 31113320 Жолдорду оңдоого Клубная көчөсүндөгү элдер басуучу жөө жолду оңдоо үчүн) 300,0 миң сом жана 31113390 Башка курулмалардын капиталдык ремонту 3141,4 миң сом, жалпы 7641,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Бегалиев |