Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 48/5
Кадамжай шаарынын спортсмендери К. Кулмурзаев, С. Смирновдор кикбокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана К. Кулмурзаев менен С. Смирновдордун кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын спортсмендери К. Кулмурзаев менен С. Смирнов кикбокс боюнча дүйнөлөк чемпионатка катышуу үчүн ар бирине 40 миң сомдон акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |