Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 49/1
Кара-Жантак участкасынын аймагынан “Берекелүү Суу” коомдук бирикмесине ажыратылган жер аянтын жайыт жерлеринен калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Жантак участкасынын тоо боорунан 100 га жер аянтын тамчылатып сугаруу менен өздөштүрүү үчүн “Берекелүү Суу” коомдук бирикмесине берүү боюнча сунушунун жана шаардык мэриянын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жантак участкасынын тоо боорунан 100 га жер аянты “Берекелүү Суу” коомдук бирикмесине тамчылатып сугаруу менен өздөштүрүүнүн биринчи этабына ажыратылып, жайыт жерлеринен калктуу конуштар категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Кадамжай мэриясы менен “Берекелүү Суу” коомдук бирикмесинин ортосунда түзүлгөн келшимде сууну пайдалануу үлүшүн көрсөтүү жагы сунушталсын.
3. Кадамжай райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынан “Берекелүү Суу” коомдук бирикмесине тамчылатып сугаруу менен өздөштүрүүгө ажыратылган жер аянтын жайыт жерлеринен калктуу конуштар категориясына которуу боюнча иш кагаздарын бүтүрүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |