Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты 49/2
Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын 2016-жылга коммуналдык тейлөө боюнча прейскуранттын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын 2016-жылга коммуналдык тейлөө боюнча прейскуранты бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын директору Р. Салаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |