Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 49/8
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн имараттарын оёдоп-түзөө иштерине, оргтехника жана башка керектелүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Кадамжай шаарындагы милициянын 4 аймактык тескөөчүлөрүн велосипед менен камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |