Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 49/ 10
Кадамжай шаарынын Намазгөй участкасындагы мазар үчүн ажыратылган жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана шаардык мэриянын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай шаардык мэриясына Намазгөй участкасындагы мазарга ажыратылган 5,0 га жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Кадамжай райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккөукукту каттоо башкармалыгынан мазар үчүн ажыратылган жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу боюнча иш кагаздарын бүтүрүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |