Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 49/11
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча комиссиянын кээ бир мүчөлөрү башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын жана Муниципалдык менчик департаментинин кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |