Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 50/2
Кадамжай шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын айланасын кө рктө ндүрүү, таза кармоо, архитектуралык көркөм эстетикалык визуалдыгын жакшыртуу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын тазалыгын, эстетикалык абалын, архитектуралык көркөм визуалдыгын жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын айланасын кө рктө ндүрүү, таза кармоо, архитектуралык көркөм эстетикалык визуалдыгын жакшыртуу боюнча Жобо бекитилсин.
2. Сыйлык фонду уюштурулуп, жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеёештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Бегалиев |