Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 50/3
Кадамжай шаарындагы мал жандыктарын дарылоо, эмдөө жана башка ветеринардык тейлөөдө жеке ветеринардык адистердин көрсөткөн кызматтарынын прейскурантын бекитүү
Кадамжай шаардык кеңеши каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Кадамжай шаардык мэриясынын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай шаарындагы мал жандыктарын дарылоо, эмдөө жана башка ветеринардык тейлөөдө жеке ветеринардык адистердин көрсөткөн кызматтарынын прейскуранты бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Жайыт жерлерине мал жандыктарын ветврачтын справкасынын негизинде чыгаруу жайыт комитетине тапшырылсын.
3. Мал союлуучу жай таза суу, канализация же цептик менен жабдууланып, шаардын чет жака жерлерине жайгаштырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко, шаардын ветврачына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |