Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 50/4
Кадамжай шаарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Кадамжай шаарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардын аймагындагы тургундар таза суу менен камсыздалсын.
2. Кадамжай шаарынын аймагындагы суу резуарлары санитардык нормаларга жооп бере турган тартипте калыбына келтирилсин.
3. Уруксатсыз суу түтүктөрүнө уланган тургундарга тез арада келишим түзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Уруксатсыз суу түтүктөрүнө улангандарга тийиштүү чара колдону Кадамжай шаардык мэриясынын административдик комиссиясына тапшырылсын.
5. Шаардын аймагындагы коммерциялык ишканалардын суу түтүктөрүнө счетчик орнотуу жагы Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынан жана “Кадамжай-Коммунальщик” ААКнан талап кылынсын.
6. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Бегалиев |