Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 3
Бахмал орто мектебинин жанында жайгашкан ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун жатаканасы жайгашкан участокту айланасы менен 0,10 га жер аянтын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндөгү Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамына таянып, Бахмал орто мектебинин жанында жайгашкан ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун жатаканасы жайгашкан участокту айланасы менен 0,10 га жер аянтын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансынанчыгаруу боюнча Дөң-Булак айылдык кеңештин «Жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясында» каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бахмал орто мектебинин жанында жайгашкан ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун жатаканасы жайгашкан участоктук айланасы менен 0,10 га жер аянты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылсын.
2. Аталган жер аянты ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун балансына берилсин.
3. Баланстан баланска өткөрүп алуу боюнча иш кагаздарын алып баруу мыйзам негизинде ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтуна жүктөлсүн.
4. Токтомдун негизинде жер кадастрдык документтерине өзгөртүү киргизүү Өзгөн райондук мамкаттоо башкармасынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Тагаев |