ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин V чакырылыштагы 1-кезексиз сессиясы
2016-жылдын 15-январы № 4
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 19-статьясынын 1-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Эрмекбаева Элмира сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы К. Ибрагимовага жүктөлсүн.
Төрага | А. Тагаев |