Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-февралы № 5-1
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 11.06.1998-жыл № 78 Жобосунун “Бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свободный остаток) 3033,7 (үч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын арасынан Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г. Титов орто мектебине окуучулар үчүн ашкана куруу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г. Титов орто мектебине окуучулар үчүн ашкана курууга, билим-берүү бөлүмүнүн 31112390 статьясына бош (свободный остаток) калган калдыктын эсебинен 499 537 сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |