Редакцияот 02.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин V чакырылыштагы 3-кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 2-февралы № 5-2                                                                                      

Тамеки өндүрүштук  айыл чарба кооперативинин менчигине таандык жер аянтын башка жер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

  Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Паизабад участкасындагы Тамеки өндүрүштүк айыл чарба кооперативинин менчигине таандык тамеки кургатуучу сарайларды үлүш ээлеринин өтүнүчүн эске алып, элди жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомунун  жана  Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын  атайын  комиссиясынын 17.11.15 жылдагы корутундусу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун түштүк региону боюнча башкармалыгынын 13.01.16-ж № 120-1-1 сандуу корутундуларынын негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн Паизабад участкасындагы Тамеки өндүрүштүк айыл чарба кооперативинин менчигине таандык, өнөр жай курулуш, транспорт жана байланыш категориясына кирген тамеки кургатуучу сарайлар жана тамеки ферментация цехи ээлеген 1,80 гектар жер аянтын  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин № 76 беренесин аткарууга алуу менен калктуу конуштар жер категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармасы тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн Паизабад участкасындагы Тамеки өндүрүштүк айыл чарба кооперативинин менчигиндеги калктуу конуштар категориясына которулган 1,80 га жер аянтын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жер аянттары боюнча экспликациясына өзгөртүү  киргизүү жагы суралсын.

3. Өзгөн райондук архитектура жана куруу башкармалыгынан калктуу конуштарга тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Дөң-Булак айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

А. Тагаев