ТоктомКүчүндө

Шопоков шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 80 «2015 жылга айыл чарба максатында эмес жерлердин зоналдык К3 коэффициенттинин өлчөмүн бекитүү»

Редакция25.11.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков шаардык кеңешинин 8-чи чакырылышынын ХVI сессиясы

 

2014-жылдын 25-ноябры № 80

“2015 жылга айыл чарба максатында эмес жерлердин зоналдык К3 коэффициенттинин өлчөмүн бекитүү”

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык салык салуу тартибинин өлчөмүн аныктоодо, салык чогултуу боюнча башкы адис Токтогулова Ч.Т. маалыматын угуп жана талкуулап, нарктык зоналардын чектерин калктуу конуштарда, айыл чарба багытында болбогон жерлерде, короо – жай жана багбанчылыкка ылайыкташкан жер участокторун пайдаланууда, К3 зоналык коэффициенттинин маанисин 0,3төн 1,2ге чейин жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Жогоруда айтылгандардын негизинде, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Зоналык коэффициенттин маанисин айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн – 1,2 өлчөмдө бекитилсин.

2. Зоналык коэффициенттин короо – жай жана багбанчылыкка ылайыкташкан жерлер үчүн – 1 өлчөмдө бекитилсин.

 

Төрага

А. Демьянов