ТоктомКүчүндө

Шопоков шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 30 «Жер жана мүлк салыгын Шопоков шаарынын аймагына киргизүү» токтому

Редакция24.10.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков шаардык кеңешинин 8-чи чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 24-октябры № 30

“Жер жана мүлк салыгын Шопоков шаарынын аймагына киргизүү”

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык Салык Кодексин ишке киргизүү” боюнча, Шопоков шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1,2,3 топтогу мүлк салыгы

- Жер салыгы

Шопоков шаарынын аймагына киргизилсин.

2. 1 пункта аталган салыктар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

3. Токтомду каттоо менен Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигине жиберилсин.

4. Токтом маалымат булактарына берилгенден кийин күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэри С. Умаралиевке жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Демьянов