Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-октябры № 31
“2014 жылга айыл чарба максатында эмес жерлердин зоналдык К3 коэффициенттинин өлчөмүн бекитүү”
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык салык салуу тартибинин өлчөмүн аныктоодо, салык чогултуу боюнча башкы адис Токтогулова Ч.Т. маалыматын угуп жана талкуулап, нарктык зоналардын чектерин калктуу конуштарда, айыл чарба багытында болбогон жерлерде, короо – жай жана багбанчылыкка ылайыкташкан жер участокторун пайдаланууда, К3 зоналык коэффициенттинин маанисин 0,3 төн 1,2ге чейин жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зоналык коэффициенттин маанисин айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн – 1,2 өлчөмдө бекитилсин.
2. Зоналык коэффициенттин короо – жай жана багбанчылыкка ылайыкташкан жерлер үчүн – 1 өлчөмдө бекитилсин.
Төрага | А. Демьянов |