Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 5
Ленин айылындагы № 36 кесиптик Лицейдин эмгек жамаатынын жана кесиптик кошунунун биргелешип өткөргөн чогулушунун протоколу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча билдирүүнү кеңештин катчысы К. Курманалиев Ленин айылында жайгашкан № 36 кесиптик лицейдин эмгек жамаатынын жана кесиптик кошунунун биргелешип өткөргөн чогулушунун 10.04.2015-жылдагы протоколу жана анын өмүр баяны менен тааныштырды. Протокол жана өмүр баяны 3 баракта тиркелет.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Курманалиев Ш., Касымбеков Э., Эргешов Э., жана Орунов Н. чыгып сүйлөштү.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылындагы №36 кесиптик лицейдин жамаатынын токтому бекитилсин жана мындан кийин лицейдин аталышы “Машаев Аким Заинович атындагы №36 кесиптик лицей” деп аталсын .
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Сузак районунун депутаттарынын кошмо жыйынынан жана жогорку органдардан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө соц. маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Токтосунов |