Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 6
Ленин айыл аймагындагы таза-суу боюнча коомдук – бирикмелердин жана коммуналдык турмуш-тиричилик чарбасынын жетекчилеринин аткарган иштери жана келечектеги иш-пландары жөнүндөгү билдирүүлөрү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза-суу боюнча коомдук уюмдун башчыларынын жана жайыт комитетинин төрагасынын билдирүулөрү эске алынсын.
2. Таза-суу боюнча коомдук уюмдардын жана коммуналдык турмуш-тиричилик чарбасынын иштери канааттандырарлык болбогондуктан алардын ишин кайрадан түзүп иштөө жөндөмдүүлүгүн тийиштүү деңгээлге которуу айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановко милдеттендирилсин .
3. Айыл аймактын Калма-Кырчын участогундагы жашоочулардын жайытка жайыт акысын, кашалап алган жерлерине ижара акысын жана там арка салыгын төлөбөгөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тиешелүү төлөмдөрдү өндүрүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1) Курманалиев К.-айыл өкмөт башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
2) Мураталиев Б. – айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү.
3) Тойчуев А. – айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү.
4) Тунгатаров А.– айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү.
5) Арзыкулов С .– Жыгач-Коргон айылынын айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү.
6) Борукулов А. – Орто-Сай айылынын айыл башчысы - комиссиянын мүчөсү.
7) Кеңешбаев М. - Ленин айылынын айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү.
8) Мавлянов Э. - Аксакалдар Кеңешинин төрагасы – комиссиянын мүчөсү.
9) Джусупов М. - Жайыт комитетинин төрагасы - комиссиянын мүчөсү.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановко тапшырылсын .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө соц. маселелер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |