Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 25/1
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин отчетун угуу жана 2016-жылдын бюджетин, 2017-2018-жылдарга болжолдуу сметалык планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI шайланган XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 7366,7 сом менен бекитилсин
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
- теңдештирилген грант- 6080,7 сом
- доход - 1286,0 сом
-Баары - 7366,7 сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
- аппаратка - 4129,6 сом
- маданиятка - 510,1 сом
- билим берүүгө - 2617,0 сом
- Баары -7366,7 сом
2. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылда бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын
3. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги бюджет 110,0 сом менен бекитилсин жана чогулган ата-энелер взносун өз убагында счетко төгүү боюнча бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилсин.
4. 2017-2018-жылдарга болжолдуу сметалык план бекитилсин.
5. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча чогулган акча каражаттын чогулушу жана тогулушу айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Турдиева Кульбайрага тапшырылсын.
6. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана аны көзөмөлдөө жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Дайыргазы уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Молоев |