Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-майы № 26/1
Өзгөрүш айылынын тургуну Мустапаев Кубанычбек мал сарайдан алган үлүшүн менчикке бекитип берүү жөнүндө депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөрүш айылынын тургуну Мустапаев Кубанычбекке Талды-Суу аймагынын Өзгөрүш айылында түзүлгөн «Асанкары», «Таш-Кыя» дыйкан чарбаларынын биргелешкен чогулушунун 2001-жыл 3-майдагы № 2 токтомунун негизинде жалпы үлүшкө тийген мал баккан сарайдан 7 (жети) жанга 3 (үч) пролёту менен 465,75 м 2 жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү укуктук документтери менен камсыз кылуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер,турак жай,коммуналдык менчик,жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Н. Алакуновго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Молоев |