Загрузка документа…
ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 7
Дөң-Булак айыл өкмөтүнун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылда аткарган иши жана 2016- жылга иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт бирикмесинин төрагасы Жалилов Фархаддын 2015-жылдагы аткарган жылдык отчетун угуп жана талкуулап Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылда аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планы жактырылсын.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга түзүлгөн бюджети 81260 (сексен бир миң эки жүз алтымыш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Алыскы Ак таш, Кара-Шоро жайлоолоруна көчүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүгө карата иш-чара иштеп чыгуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Жалилов Фархадка бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “ Жер жана айыл чарбасы боюнча “ туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Тагаев |