Загрузка документа…
ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 8
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай жана Өзгөрүш айылынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда таза суу ИСКАКБ бирикмесинин ишмердиги жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу таза суу пайдалануучулар ИСКАКБ бирикмесинин жетекчилеринин 2015 - жылда аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай жана Өзгөрүш ИСКАКБ сынын жетекчилеринин 2015-жылда аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнун тургундарынын короосуна суу түтугун киргизүү менен суу эсептегичин орнотуу жагы колго алынсын.
3. Айыл өкмөтүнун тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана кетирилген кемчилдиктерин тез арада жоюу жагы таза суу бирикмесинин башчылары К. Аширбековго, Т. Камчыбековго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Рахманбердиев Асланга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Тагаев |