Загрузка документа…
ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 10
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма жана Паизабад айылынын тургундарын турак жай салуу боюнча жазган арызын жана элдердин муктаждыгын канаттандыруу максатында жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма жана Пайзабад айылынын тургундарын турак жай салуу боюнча жазган арызын жана элдердин муктаждыгын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 169-токтомунун жана Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2016-жылдын 10-мартындагы № 209 корутундусунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Жоо-Алма жана Пайзабад участкасындагы № 194 контур, № 466-473 контурдан 0,88 га жер аянты сенохранилиша, асылдулугу төмөн жерлер категориясы болуп белгиленген жердин ичинде жайгашкандыгы үчүн 0,88 га жер аянты турак жай салуу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, калктуу конуш жер аянты мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамакаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун башкы планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Тагаев |