Загрузка документа…
YЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 85
Уч-Коргон айылдык аймагына караштуу кеңеш айылындагы айылдык китепканага М.С. Ахметованын ысымын берүү жөнүндө
Yч-Коргон айылдык кеңешине айылдык аймак боюнча кеңеш айылынын жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде айылдык китепканачы, 1972-жылдын 13-июлунан баштап иштеп келе жаткан , 44 жыл бою бир кесипте өзүнүн иши менен кадырлуу болгон Ахметова Майрамбүбүнүн ысымын өзү эмгектенген кеңеш айылындагы китепканага берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып, талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылдык аймагына караштуу кеңеш айылындагы айылдык китепканага китепканачы Ахметова Майрамбүбүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен өзү эмгектенип кеткен китепканага ысымы берилсин.
2. Китепкананын социалдык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көртөндүрүү жагы ысымы берилген адамга жана бир туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | З. Курманалиев |