Загрузка документа…
YЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-марты № 86
Үч-Коргон айыл аймагы боюнча СПАлардын башкы арыктарын тартууга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине айылдык аймак боюнча “Саза-Байсуу” федерациясынын башчысы, СПА башчыларынын кайрылуусунун негизинде башкы арыктарды тартууга каржы маселесин чечип берүү тууралуу кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык аймагы боюнча СПАларга тиешелүү болгон чарбалык башкы арыктарды тартып берүүгө ар бир км үчүн 1 сом 50 тыйындан акча каражаты керектүү өлчөмдө төлөп берүү жагы каралсын.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж. Шайназаровго убагында каржылоо жана акча каражатын тийиштүү мекемеге которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М. Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З. Курманалиев |