Загрузка документа…
YЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-апрели № 88
Yч-Коргон айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү” өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө 451 сандуу токтомуна ылайык Манас районунун Yч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айылдык аймактык административдик борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен айыл башчысы (айылдык старостасы) кызмат орду (6 штаттык бирдик) бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн түзүмүндө ветеринардык врач кызмат ордуна (1 штаттык бирдик) талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке контракттык негизде алынсын.
4. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000 чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучулар бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер- аскердик эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик ) бекитилсин.
5. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү штаттык санына жараша Манас райондук каржы бөлүмү (Р.К. Туралиева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
6. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү штаттык санына жараша Манас районунун Yч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Айтматовага жүктөлсүн.
Төрага | З. Курманалиев |