Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июлу № 32
II-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата «Кырчын» жайлоосуна «Кыргыз айылы» этношаарчасын куруу маселесин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 03.02.2016 жылдагы № 18-22 Премьер-Министринде болгон кеӊешменин протоколунун, Ысык-Көл райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын 06.06.2016-жылдагы № 1 протоколунун көчүрмөсүнүн негизинде Эл депутаттарынын Темир айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынынын 06.06.2016-жылдын архитектуралык шаар крулушунун кенешинде каралган Темир айыл аймагына караштуу «Кырчын» жайлоосунда өтүүчү II-Дөйнүлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн иштеп чыгарылган долбоор концепциясы бекитилсин.
2. Темир айыл аймагына тиешелүү болгон «Кырчын» жайлоосуна II-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү максатында 110,7 га жерге жеӊил конструкциядан «Кыргыз айылы» этношаарчасы орнотууга макулдук берилсин.
3. «Кыргыз айылы» этно шаарчасы орнотулуп жаткан жерге келечекте «Этно маданий борборун уюштуруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүүгө жалпы аянты 110,7 га анын ичинен кайрак айдоо жери 54,54 га, жайыт 56,16 га аянттагы жердин максаттык багытын өзгөртүүнү (трансформациялоо) айыл чарба багытындагы жерлерден өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берилсин.
4. Экология жана жаратылышты коргоо максатында «Кырчын» жайлоосунда өткөрүлүүчү иш чараларда дааратканалардын, тамак аш жана соода түйүндөрдөн чыккан акыр-чикир суулары Кичи Ак-Суу кичи дарыясына куюлбоону (келечекте заманбап акыр-чикир тазалоочу жайын курууга), бак-дарактар кыйылбасы жана иш чаралар бүткөндөн кийин жер кыртышын калыбына келтирүү иш чараларын жана бул чараларды каржылоо Ысык-Көл айлана-чөйрөөнү коргоо, көзөмөлдөө башкармалыгынын айлана-чөйрөөнү коргоо фондунан суралсын
5. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы аймакты көзөмөлдөөчү Экотехинспекция башкармалыгынан жана Темир айыл өкмөтүнөн суралсын.
Төрага | К.Ж.Чыналиев |