ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Темир айылдык кеӊешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2016-жылдын 7-июлу № 36
Жарандык абалдын актыларын каттоо ыйгарым укугун өткөрүп берүү (делегирлөө) келишимин бекитүү жөнүндө
Темир айылдык кеӊеши жарандык абалдын актыларын каттоо жана жогорку органдарга берип туруу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 2 жана 4-бөлүкчөсүнүн негизинде эл депутаттарынын Темир айылдык кеӊешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин жана Темир айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим берилген редакциясында жактырылсын жана бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу бир айлык мөөнөт менен Темир айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дулатовго, финансы бөлүмүнүн башчысы Ж. Абдыкадыровго жана жооптуу катчынын м.а. Н. Айдыгуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Н. Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Чыналиев |