Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-марты № 67
Май айылдык аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Май” балдар бакчанын атын өзгөртүү жөнүндө
Май айылдык кеңешинин депутаттары Май айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси «Май” балдар бакчасында иштеген кызматкерлердин кайрылуусун канааттандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Май” балдар бакчанын аты “Сагындыков Бейшебек ” деп аталсын.
2. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Май” балдар бакчасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу штамп жана мөөрү жокко чыгарылсын.
3. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Сагындыков Бейшебек” атындагы балдар бакчасынын штамп жана мөөрү дайындалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Май айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Рыскуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Баялиев |