Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-марты № 68
“Бюджет бекитүү жөнүндө”
Май айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше жана чыгаша боюнча бюджетин бекитүү үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык аймагынын 2016 жылга бюджетин киреше бѳлγгγ айылдык аймака түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. Май айылдык аймагынын 2016 жылдагы бюджетинин кирешелер боюнча 5856,8 миң сом жана чыгашалар боюнча 5856,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичиндетеӊдөөчү грант 1286,0 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 4570,8 миң сом. (№ 1 тиркеме)
3. 70222 – “Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар” бөлүмү ачылсын. 120,0 сом 22154900 – ар кандай чыгымдын беренесине коюлсун.
4. 70629 - “Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнө келишимдин негизинде иштеген кызматкерлергн штаттык бирдик ачылсын .( эмгек акысы жана соц. фонд)
5. Май айылдык аймагынын бюджеттен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
6. Май айылдык аймагынын жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү Май айыл кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралгандан кийин айылдык кеңештин буйрук, токтомдорун негизинде аткаруу жагын айыл аймагынын КЭБ башчысы Б. Тажибаевге милдеттендирилсин.
7. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн. (айлык акы. соц. фонд )
8. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы аз чыгаша булагы коп болгондуктан киреше булагынын аздыгынан электр энергиясынын жана башка статьяларга чыгаша булактарын каржылоо үчүн тендөөчү грант берүү жагы суралсын
9. Токтомдун аткаруу жагы айылдык аймагынын КЭБ башчысы Б. Тажибаевге милдеттендирилсин.
10. Токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Абдрахмановго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Баялиев |